Россиялык телеалыпбаруучу Артур Цветков Москвадагы тамак-аш тейлөө пунктунда иштеген бир кыргызстандыкка кол салды. Окуянын видеолору социалдык тармактарга жайылды.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-августта болгону такталды. Алып баруучу мекемеге ээгине бет кап кийип кирди. Туура кийүүнү суранганы үчүн, ал агрессивдүү жооп кайтарып, орой мамиле кылып, кызматкерге кол сала баштады.
Артур Цветков полицияга телефон чалып, арыз жазган, аны Москванын укук коргоо кызматкерлери кабыл алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ