Бүгүн, 22-августка карата өлкөдө сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери каза болгондордун жалпы саны 1055.
(Эски статистикалык маалымат боюнча каза болгондордун жалпы саны 1500)
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42889 адамга жетти. Өткөн суткада 225 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 36 миң 56 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ