Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык- Көл облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында «Таза суу» долбоору менен таанышкан учурда билдирди.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 7 миң киши жашаган Дархан айылындагы суу системасы 2003-жылы реабилитациядан өткөн.

«Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу кошумча суу түтүктөрүн тартылууда. Буга чейин суу булактан түз тартылып келген. Ал соолуп калгандыгына байланыштуу суу бургалоочу жай курулду. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында бардык иштер толугу менен бүткөрүлөт», – деди Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов.

Премьер-министр жылдын аягына чейин өлкө боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болорун белгиледи.

«Калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө» – деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы «Таза суу» долбоору боюнча курулуп жаткан жана курула турган суу курулмаларынын сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: