Кыргызстандагы мечиттерде жума намазга уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жума жана башка намаздарды зыярат кылууга 1,5 метр социалдык аралыкта жана бет кап режиминде уруксат берилет. Мындан тышкары, мечиттерге келгендердин дене табы өлчөнөт. Ошондой эле, кучакташып, кол алышып учурашуусуна тыюу салынат.
“Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү керек. Балдарга, кары-картаңдарга, оорулуу же дене табы көтөрүлүп жаткан жарандарга мечиттерге барууга убактылуу тыюу салынат. Келгендерге мечитте 15-20 мүнөттөн ашык туруу сунушталбайт”, – деп билдирди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Ошондой эле, пандемия учурунда мусулмандардын өздөрү менен кошо жайнамазын алып келүүсү, жамаат намаздары мечиттердин короосунда таза абада окулушу максатка ылайыктуу экендиги белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ