Menu

Фото – Ысымы Бишкек аталган экинчи класста окуган окуучу мэрияга келип белек алып кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрда борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек аттуу бала менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин шаар тургуну Медет Түлөгөнов социалдык тармактарда Каджы-Сай тоолорунда жашаган кичинекей эки бети кызыл Бишкектин сүрөтүн жарыялаган.

Маалым болгондой, сегиз жаштагы Бишкек Табылдыев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылында жашайт. Ал үй-бүлөнүн кенжеси.

Апасынын айтымында, балага чоң атасы Бишкек Баатырдын урматына ысым берген.

Бишкек экинчи класста онлайн режиминде окуп жаткандыгын билдирди. Балага жаңы форматта окууну жеңилдетүү үчүн борбор калаанын мэриясы ага смартфон жана телевизор белек кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: