Кечээ, 13-сентябрда тыюу салууга карабастан “Кайнар” ресторанында 120 кишилик той болуп, ресторанга айыпп пул салынды.
Октябрь Акимиатынын, Ички иштер башкармалыгынын, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматкерлеринен турган мобилдик топ мекемелердин санитардык нормаларга ылайык келишин текшеришкен.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери протокол түзүп, 3000 сом айып пул салышты.
РИИБнин кызматкери администратордон түшүнүк катты алган. Анын айтымында, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Белгилей кетсек, аталган ресторан тыюу салынганына карабастан, той-топурлар өткөрүлүп, айып пулдар салынып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ