Menu

Кыргызстан Россиянын курамына киреби? Экс-элчи маегинде эмнени айткысы келген?

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Россиядагы экс-элчиси Раимкул Аттокуровдун Правда.ру басылмасына берген интервьюсундагы “Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат” деген билдирүүсү катуу талкуу жаратып жатат.

“Тарыхый тагдыр бизди бирге болууга алдын-ала белгилеп койгон. Биз көптөгөн кылымдардан бери бирге болуп келе жатабыз. Биз тарых менен бөлүшүп, узак мөөнөттүү келечекке үмүттөнөбүз. Азыр көпчүлүк кыргыздарда Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат” – деген Раимкул Аттокуров.

Мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле Кыргызстанда жүрүп жатабы же жокпу деген суроого мурунку элчи “ооба, Кыргызстанда бар” деп жооп берди.

“Диаспора коомчулугунун арасында ушундай суроолор туулат жана талкууланат. Албетте, муну дароо жана тез арада жасоо мүмкүн эмес. Бирок, менин оюмча, биз буга сөзсүз барышыбыз керек, анткени жашоо өзү бизди биримдикке түртөт” – дейт экс-элчи.

Раимкул Аттокуров Правда.ру басылмасына берген интервьюсу боюнча Kaktus.media басылмасынын журналисттерине комментарий берди.

“Ар кандай социалдык катмардагы диаспора коомчулугунун арасында биз Россияга кошула алабызбы деген суроолор көп берилет. Буга жалпы чек араларыбыз жок экендигин жана бул мүмкүн эместигин түшүндүрөбүз. Биз 6 миллиондон ашуун калкы бар мамлекетпиз жана ушуну коргошубуз керек. Биз жер шарында дүйнөлүк цивилизациянын бир бөлүгүн чагылдырабыз. Дүйнөдө калкынын саны боюнча бир нече эсе көп жана өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ эмес элдер бар. Бул биздин байыркы элибиздин эң маанилүү байлыктарынын бири”, – деди экс-элчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: