Menu

Пашинян менен Путин Карабактагы жоочулардын маселесин талкуулады

Бөлүшүү:

Тоолуу Карабак аймагында жалданма согушчандардын колдонулуп жатышы жана алардын азыркы абалга тийгизген таасири Армениянын президенти Никол Пашинян менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүндөгү негизги тема болду.

Бул тууралуу РБКга Никол Пашинян билдирди. Анын айтымында, жалданма аскерлердин бир бөлүгү аймакта калууда жана бул тынчсызданууну жаратууда.

Буга чейин орусиялык аскерлер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Тоолуу Карабакта Азербайжандын катарында Түркия жөнөткөн жихадчылар согушуп жатканын маалымдашкан. Анкара айыптоолорду четке каккан. Азербайжандын Коргоо министрлиги жаңжал болгон аймакта өлтүрүлгөн армян аскерлеринин арасында этникалык армяндар — Сирия жана Жакынкы чыгыштагы жалданма жоочулар бар экенин билдирген.

7-октябрда Тоолуу Карабактан карама-каршы маалыматтар келди. Баку өз армиясынын ийгиликтүү алдыга жылганын, Ереван каршылаштардын мизин кайтарганын билдирген.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу аймактагы маселени Армения жана Азербайжан Коргоо министрликтеринин башчылары менен талкуулады. Сүйлөшүү эмне жөнүндө болгону айтылган жок.

Эки мамлекет ортосундагы Тоолуу Карабак үчүн куралдуу кагылыш 27-сентябрда башталган. Ошондон бери расмий маалыматка ылайык, эки тараптан кеминде 240тай жаран мерт болду, алардын арасында ондогон жай тургун бар. Бул сан мындан да көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготкону тууралуу маалымат бере элек.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: