Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги митингдер уланууда. Премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары жайгашкан жерин өзгөртүүнү чечишти. Өкмөт үйүнөн алар “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына барышты. Чогулуш “Ысык-Көл” мейманканасында өтөт. Митингдин катышуучуларын автобустар жана автоунаалар менен алып келишүүдө. Буга чейин болжол менен миңге жакын адам чогулган. Аларды алып келүү улантылууда.
Белгилей кетсек, митингчилердин талаптары өзгөргөн. Эми алар Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысынын кызматынан кетиши үчүн митинг өткөрүп жатышат.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кызмат ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлигин кайра карап чыгышкан. Парламент өкмөттүн курамын жана программасын бекитти.
Пресс-конференцияда жаңы шайланган министрлер кабинетинин башчысы президенттин отставкасы боюнча маселени чечем деди.
Ошол эле күнү кечинде аянтта тарапташтары менен сүйлөшүп жатып, Садыр Жапаров мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө азырынча бара электигин айтты. Сүйлөшүүлөр улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ