Menu

Гүлсана Бапаева, терапевт: “Коронавируска чалдыккандар митингге чыгышса далайларга жайылтышты”

Бөлүшүү:

– Эл чогулду, эч кандай норма сакталбады. Коронавирус дагы мурдагыдай жайылбайбы?

– Азыркы учурда бир күндө эки жүздөй адамдан коронавирус аныкталып жатат. Ошолор митингге барган болсо, дагы далай адамга жуктурганга жетишишти. 200 деген официалдуу эмес цифра болуп жатат. Үйүнөн ооруканага барбай ооруп жаткандар канча? Албетте, дарт жайылат.

– Азыркы сасык тумоодон кантип сактанабыз? Кандай кеңештерди жолдойсуз?

– Сасык тумоо суукта күчүнө кирүүчү дарт. Суукта адамдар өздөрүнө көбүрөөк көңүл бурушу керек. Суукта эле эмес жылдын төрт мезгилинде тең эле өздөрүнө көңүл бурушу шарт. Дайыма белгилеп айтканымдай эле адам канчалык көбүрөөк суу ичип жүрсө, кан ошончолук жакшы айланат. Бүт эле оору: сасык тумообу, же башкасыбы, баары кан айлануунун жакшы иштебей калганынан чыгат. Ошон үчүн адам дайыма жасалуучу массаждарды жасап, суу ичип, жылуу кийинип, кыймылда болуп жүрүшү керек. Мурун менен дем алып, ичти алдыга чыгарып, ооз менен менен дем алып жатканда курсакты тартып турган кыймыл – бул эң сонун. Өпкөнү, ички көңдөйдү, көкүрөк көңдөйдү да жакшы иштетип, кан айланууну жакшыртат. Курсакка массаж канчалык көп жасалган сайын биздин ар бир органдарыбыз жакшы иштей баштайт. Тамакты жөндөш керек. Сөзсүз санитардык норманы сактоо зарыл. Колду кир самын менен жууп туруу шарт. Бир беткап менен бир ай жүрбөй, эки саат сайын алмаштырып туруу абзел. Ким отуруп иштесе, сөзсүз эки саат сайын туруп, өйдө-ылдый эңкейип, өттү чыгарыш керек. Өт – биздин дарыкана. Мен Америкада болуп, дарыкана дегенди көргөн жокмун. Бир шаарда бирден эле дарыкана. Адамдар негизинен өздөрү менен өздөрү машыгышат экен. Биз дагы денени дайым кымылда кармап, өттү жакшы чыгарып турсак болот. Өт биздеги вирустардын баарын өлтүрүп, тамакты жакшы эритет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: