Menu

Аянттан 11 желим ок жеп, тизеси чорт сынып кеткен Нурбек Болотбековдун абалы кандай?

Бөлүшүү:

Белгилүү каскадер, таэквондочу, актёр, режиссер, «Эрдик» медалынын ээси Нурбек Болотов иним 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ак үйдүн алдында элди тынчтыкка чакырам деп барып, күч органдары менен кагылышууда 11-желим ок жеп, андан сырткары, сол тизеси чорт сынып кеткен. Бу жигит бир кезде таштай муздак дарыядан өзү жалгыз 24 адамды куткарып калган.

– Нурбек иним, акыбал кандай, ушуну айтчы?

– Акыбал жакшы. Кечээ акыркы 11-желим окту денемден алып чыгышты. Азырынча төшөктө жатам, турганга болбойт. Сол бутум тизеден сынып кеткен, аны операция кылабы, же мындай эле шакшакта калтырабы, билине элек.

– Эми окуянын чоо-жайын кыскача баяндоо кылсаң, кандайча ок жеп жүрөсүң?

– 5-октябрь күнү кечинде Ала-Тоо аянтына келип, аржак-бержакты карап, күч органдарындагы мени тааныган балдар селфи кылып, аларга тынч болуусун айтып жүргөм. Үйгө кете берейин деп, бирок, жүрөгүм бир нерсени сезгендей болду. Калып калдым. Бир кезде күч органдары ок чыгарып баштады, айлана көздү ачыштырган түтүн, тарсылдак-турсулдак, автоматтын чайкаган үндөрү жаңырды. Аянтта 3-5 миңдей адам ары-бери чуркап, башаламандык башталды. Тиги жагы бул жакка качса, бул жак ары көздөй удургуп… Арасында жапжаш балдар. Алардын арасынан эки-үчөөнө бир мезгилде ок тийип, жерге «апа-а» деп жатып калышты. Жандарына чуркап барып, жардам берүү аракетин көрө баштадым. Мени менен жүргөн бир топ балдардын бири «тез жардам» чакырып, дагы бири жанындагы бала менен жарадарды ээн жакка көтөрүп жөнөштү. Мына ушул мезгилде автоматтын чайкаган үнү чыкты. Тизе жагыма бирдеме тийгендей болду. Шок абалда ары-бери басып жүрө берипмин. Көрсө, ошондо эле тизем чорт сынып кетиптир. Аз өтпөй бир эле мезгилде ар кай жериме октордун тийгенин сездим, жерге жатып калдым. Денемдин туш тарабынан жылуу кан чыгып атканы байкалды. Кандын көп кеткенинен улам эс-учумду жоготуп коюпмун.

– Ооруканага кимдер менен кандайча келдиң?

– Билесизби байке, чынын айтсам, эсимде жок. Балдар «тез жардам» чакырыптыр. Ооруканада жатканымда чала-була эсиме келдим. Кадимки согуштагыдай кадрлар көз алдыман биринин артынан бири өтүп атты. Денемден тамтык жок. Кыймылдай албайм десеңиз. Адам чыдагыс оору… Оо бир топтон кийин айлананы карасам, ооруканада экенмин. Биздин палатада мага окшогондор толуп кетиптир. Анын ичинде ошол эле бизге карата ок аткандар да бар экенин билдим. Эми алар жетекчинин буйругун аткаргандар! Мындан кийин ок атылбаса экен, элибизде тынчтык өкүм сүрүп, талашканыбыз бийлик эмес сый болуп, бөлүнүп-жарылбай, ынтмакта жашасак…

– Бийлик бутагындагы жетекчилерден, партиянын адамдары, деги кимдер келип акыбалыңды сурап атышат?

– Көп эле партиянын өкүлдөрү келип атышат. Биринчи күнү Курсан Асанов келген, Садыр Жапаров да келип акыбалымды сурап, маанайымды көтөрүп кетишти. Чыгармачыл, спорттогу устаттар, шакирттерим күнүгө келип атышат, болжол менен азыркыга чейин элүүдөй адам келип кетти. Акчалай жардамдарын кылып аткандар бар.

– Дары-дармек жагынан мүчүлүш жокпу?

– Ал жагынан камсанаган жокмун. Ооруканада баары бар. Жокторун досторум таап келип атат.

– Нурбек, тезинен сакайып кет, ден соолукта бол! Анан сага эркин микрофон…

– Байке рахмат! Биринчиден, элиме тынчтык каалайм. Кыргызстан укуктук талаага тезинен келсин. Бизди бүткүл дүйнө эли карап турат. Журт башчылар көсөм болсун. Жеке кызыкчылыкты токтотуп, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу терең ойлонушсун. Мындан кийин ок атылбасын, элди патриоттуулукка үндөйм!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: