“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодон кийин отставкага кетиши керек болчу деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 15-октябрда Массалык маалымат каражаттарына билдирди.
“Шайлоо учурунда легитимдүү орган керек. Тилекке каршы, бүгүн президент кызматтан кетээрин жарыялады. Демек, президенттик шайлоону кыска убакытта, бюджетте каражаттын жоктугунан улам, аны парламенттик шайлоо менен бирге өткөрүү керек. Шайлоо Жаңы жылга чейин өткөрүлүшү зарыл. Бүгүнкү убактылуу өкмөт таза шайлоо өткөрүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча жоопкерчиликти алышы керек”, – деди Текебаев.
Ошондой эле, Текебаев өкмөт кырдаалды кыска убакыттын ичинде турукташтырышы керектигин кошумчалады. Митингдер жана аларга карата ар кандай талаптарды коюу шайлоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени экстремалдык шарттарда жана кысымдын фонунда эркин шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ