Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине байланыштуу орусиялык журналисттерге комментарий берди.
“Кандайдыр бир эмоционалдык критерийлердин негизинде баа берүү мүмкүн эмес. Азыр республикада кырдаалды турукташтырууга жана болуп жаткан окуяларды конституциялык нукка бурууга жардам бере турган ар кандай иш-аракеттер маанилүү” – дейт Песков.
“Ошондуктан, биз Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын бардыгын кылдаттык менен көзөмөлгө алууну улантабыз жана биз ал жактагы кырдаалдын тезирээк тынчып, конституциялык жол менен андан ары өнүгүшүн каалайбыз “, – деди ал.
Песков ошондой эле учурда республика менен байланыштар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ