Menu

Садыр Жапаров алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор качан болорун айтты

Бөлүшүү:

“Мен түндө мыйзамдардын барын карап чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин “мыйзам талаасынан чыкпайлы, мыйзамдуу жол менен кетели” деп келе жатабыз. Мыйзамдын чегинен эч качан чыкпайбыз”, – деп билдирди бүгүн, 16-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров ЖКнын кезексиз жыйынында.

“Президенттик шайлоо боюнча да консультацияларды жүргүзүп, кийинки жумада шайлоо күнүн белгилейбиз. Шайлоо күнү 90 күндүн ичинде белгилениши керек болгондуктан, 10-январдан өтпөш керек экен. Ал эми парламенттик шайлоо болсо, азырынча мен бир мандаттуу дегенди туура эмес көрдүм. Анткени, мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгерди биз аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз. Шайлоо босогосун 5%га түшүрсөк туура деп ойлойм, бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулаган жокмун. Шайлоо күрөөсүн 5 миллиондон 1 миллионго түшүрүш керек деген сунушум бар. Ошондой эле мен депутаттардын санын 70-90 адамга чейин кыскартуу керек деп эсептейм. Бардык маселелерди спикер жана фракция лидерлери менен талкуулагандан кийин анан парламенттик шайлоонун күнүн дайындайлы,” – деп билдирди Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: