Райымбек Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы буга чейин козголгон иштерди иликтөөдө.
«Учурда чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Тилек Матраимов гана кармалды. Эгерде башка мыйзам бузуу фактылары аныкталса, укук коргоо кызматкерлери бул иштерди териштиришет», – деди Жамшитов.
Жети-Өгүз жана Ат-Башы райондорунун прокурорлорун кызматтан кетирүү боюнча арыздарга байланыштуу көзөмөл органынын башчысы бул билдирүүлөрдүн бардыгы мыйзамсыз экендигин белгиледи.
“Бул кызматкерлер Башкы прокурордун буйругу менен дайындалган. Мыйзам иштеши керек”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Тилек Матраимов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. 12-октябрда Кара-Суу районунун акими тергөө абагына киргизилген.
Бир күн мурун ал үй камагына бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ