Menu

Руслан Бекназаров: “Садыр Жапаров өлкөдөгү бардык окуяларга жоопкер экенин дагы бир жолу эсине салып кетели”

Бөлүшүү:

Премьер министр Садыр Жапаровдун элдин алдында «реформага барамын, шайлоо системасын өзгөртөбүз» деген чакырыгын алгач күндөн бери Президент С.Ш. Жээнбеков дагы колдоого алган. Легитимдүү бийлик болсун, саясий туруктуулук болсун деген чакырыкка Президентибиз үндөп келди. Легитимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн Садыр Жапаров ЖКдан 3 жолу өттү.

С. Жапаровдун эл үчүн кызмат кылуу үчүн эки көзү күйүп, жалындуу сөздөрдү сүйлөп жатканына ишендик. Ошол себептен 10-октябрь күнү С. Жапаровду колдогон элдин арасында болуп, каршы келе жаткан эл менен эл кагышып кетпесин деп тилек кылдык. Кудай колдоп, баары акырындык менен ордуна келе жаткан.

Эми Премьер-министр болуп шайланган С. Жапаров Президентти кетирүү керектигин кыйытып, ал максатта өз тарапташтарын өкүлдөрү аркылуу үндөп жатканын кандай түшүнүү керек? Тарапташтарына чыгып, өкмөт толук кандуу ишти баштасын. Экономикалык, социалдык маселелер оор, бир тарабынан дүйнөнү каптап келе жаткан пандемиянын 2-толкуну келе жатат. Убадаларымды аткарууга стабилдүүлүк, убакыт керек дегендин ордуна, Президентти кетирүү боюнча сүйлөшөм, бул маселени чечем дегени С. Жапаровдун толук кандуу саясатчы катары жетиле элегинен кабар берет.

Дүйнө КР Президенти С. Ш. Жээнбековдутааныйбыз деп билдирүү беришти. Көчөгө чыккан элдин алгачкы талабы, шайлоо жокко чыксын деген эле. Шайлоо жокко чыкты. Ал кырдаалды алдын албаганы, жөнгө сала албагандыгы үчүн К. Бороновдун өкмөтү отставкага кетти. Элдин талабы Өкмөт башчыга С. Жапаров келсин деди. 3-жолку жыйналышта легитимдүү ЖК С. Жапаровдун өкмөтүн бекитип беришти.

Эми ошол эле”Мекенчил”саясий партиясынын лидерлери Президентти кетсин деп чакырык таштоодо. Сиздер буга чейин Президенттин кетүүсү тууралуу бир дагы билдирүү берген эмессиңер. Садыр Жапаровдун чыгуусун талап кылып келгенсиңер. Чыкмак түгүл абактан Өкмөт башчылыкка отурду. Эми экономикалык, социалдык оор абалды жөнгө салсын. Бийлик толук кандуу колунда турат. Министрликтердин дээрлик баарын (Башкы прокуратура, Коопсуздук кызматы, Коргоо министринен башкасы) өзү каалагандай бекитти. Губернатор, акимдердин баарын өзү бекитет. Дагы эмне керек? Керек десе Президенттик аппарат кол кабыш кылууга даярбыз. Буга чейин дагы өзүбүздүн милдетибизден сырткары өкмөттүн ишине толук кандуу жардам кылып келгенбиз.

Эми кырдаалдан пайдаланып Президент кетсин деген талапка өтүштү.
Мындай чакырыкка кимдер түртүп жатканын жакшылап анализ кылсын. Кечээ 10-октябрда Садыр Жапаровго каршы чыккан топ, Президентти Садыр Жапаров кетирет, биз аны колдойбуз деп чакырык таштап башташты. Алар Садыр Жапаров айткан реформаларды, шайлоо системасын өзгөртүүнү каалабаган топ экени белгилүү.

Президент С. Ш.Жээнбеков кете турган болсо ошол топтун курчоосунда калып, акыры өзү дагы курмандыкка чалынаары анык. Ошол себептен реформа кылам, жаңы шайлоо системасын киргизем десе Президент С. Ш. Жээнбеков менен тыгыз иштөөсү маанилүү. Бул реформалар ишке ашса Президент С. Ш. Жээнбеков өз ыктыяры менен кетээрин билдирген (бирок Садыр Жапаров айткандай 3 күн эмес).

Ошол реформаларга кетүүчү 6 айдан (болжол менен) кийин жаңы Президенттик шайлоого катышып утуп алсын. Бардык маселе мыйзамдуу талаада болсун.

Эгер азыркы кырдаалда Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Президент кетсин деп көчөгө чыгышканда, ошондо кандайдыр бир деңгээлде түшүнсө болоор эле. Президент кетүүсү керек деген ураанды бир гана ошолор көтөрүп келишкен. А. Мадумаров “Өлкө мыйзамдуулукту сактоо керек, мамлекеттүүлүк коркунучта турат, күрөш мыйзам талаасында жүрүшү керектигин” белгилеп, элди тынчтыкка чакырды. Саясатта бышып жетилүү, Кыргызстандын эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде ой-жүгүртүү деп ушуну айтат.

Садыр Жапаровдун мамлекеттеги оор экономикалык, социалдык кырдаалды оңдоп кетүүсүнө ишенип жана өлкөдөгү бардык окуяларга жоопкер экенин дагы бир жолу эсине салып кетели.

Руслан Бекназаров

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: