Menu

Мелис Мырзакматов: “Эми ар бир инсандын укугу корголуш керек…”

Бөлүшүү:

Мырзакматов феномени…

2020- жылдын парламенттик шайлоонун башталышындагы өзгөчөлүгү – жаштардын активдешүүсү болсо, аяктагандан кийинкиси-жаштардын көтөрүлүшү болду.

Шайлоого ат салышкан партиялар курамдарын жаңылоо үчүн жаштарды алдыга сүрөп чыгышкан. Анткени бул учурдун, элдин талабы эле. Бирок, жаштардын көбү кайтадан алданып калышканын билдирип жатышканына бүгүн күбөбүз. Шайлоонун ыплас өткөнүнөн тышкары, саясий партиялар да бир күн мурун берген убадаларын, эртеси эле күнү бузуп, туруктуулукту, принциптер менен баалуулуктарды бекем кармануунун үлгусүн жана саясий эркти көрсөтө алышкан жок. Кээ бир активдүү жаш талапкерлер партияларынын катарынан чыгып кетүү тууралуу чечимдерин коомго жарыялап жатышат.

Азыркы мезгилде күчтүү курамды түзүүдөн тышкары, тарапташтарынын ишенимин жерге таштабай турган туруктуу лидерге муктаждык бар экени ачык көрүнүп калды. Айткан сөзү менен кылган иши дал келген, жоопкерчиликти өз колуна ала турган, учурдагы кырдаалдан өлкөнү чыгарып кетүү үчүн билими, тажрыйбасы, чечкиндүүлүгү, баалуулуктары жана өлкө абдан муктаж болуп турган чарбакердик жөндөмү бар болгон лидерди колдой турган мезгил бышып жетти.

Ушул маалда саясий куугунтукта 6 жылдан бери чет жерде жүрүүгө аргасыз болгон Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун 7-октябрга караган түнү Ош шаарына учуп келип, аны борбордук аянтта күтүп турган шаар тургундары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан агылып келген элдин алдына чыгып, улуттук масштабдагы, республикалык деңгээлдеги БИРИКТИРҮҮЧҮ мүнөздөгү кайрылуусу өлкө жарандарынын көңүлүн бурду.

Саясий аренага Мырзакматовдун кайтып келишин кызгануу менен кабыл алган айрым күчтөр анын сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндүлөрдү жулуп алып, жалган түшүндүрмөлөр менен жайылтууга аракет кылышты. Бирок эс акылы жайында, акты карадан, чындыкты калптан айырмалай билген журт кимдин ким экенин эбактан бери эле билет көрүнөт.

Баарынан дагы, Мелис мырзанын өзүнүн салкын кандуу реакциясы, өч алууну көздөбөгөн бириктирүүчү позициясы, өзү айтмакчы, алты жылдан бери ичтен байкалбаганды сырттан туруп байкап, дүйнөдөгү мамлекеттик башкаруу канчалык алдыга кеткенине күбө болуп, жеке кызыкчылыгын эмес, өлкө кызыкчылыгын көздөгөнү менен көптөгөн жарандардын ишенимине ээ болду десек болот. Ошол ишенимге ээ боло алгандыгы үчүн эл, бардык айгышкан тараптар анын айтканына көндү. Өлкөнүн түштүк аймагында мыйзам талаасына кайтуу тез арада ишке ашты. Тартип орноду, трайбализмге жол берилген жок, экономика зыянга учурабады ж.б.

Мурдагы мэр Мырзакматовдун феномени – учурда актуалдуу болуп жаткан децентрализацияны иш жүзүндө күчтүү жергиликтүү бийликтин үлгүсү аркылуу көрсөтүп, Ош шаарын 2010-жылкы кандуу окуялардан кийин калыбына келтирүүдөн тышкары, шаардын бюджети менен инфраструктуралык чоң проекттерди ишке ашырганы, мугалимдерди коммуналдык салык төлөмдөрүнүн көбүнөн бошотуу боюнча социалдык багыттагы өлкө боюнча ага чейин эч качан жасалбаган аракеттери, этностор аралык ынтымакты орнотуудагы жетишкендиктери – накта реформалардын улгүсү болуп тарыхта кала берет! Мына эми, бүгүнкү татаал, өлкө тагдыры, эгемендүүлүгүбүз коркунучка капталган күндө да, анын шарапаты менен өлкөбүздүн түштүгү бузукулардын колуна салынып берилген жок.

Саясий партиялар тарабынан популисттик убадалар күчөгөн азыркы маалда да, жогорудагыдай жетишкендиктерди эч ким убадалай алган жок.

Жаш муундарга жакшы эмес үлгү көрсөтүп келаткан же башкача айтканда андай кылбаш керек экендиктин үлгүсүн көрсөтүп келаткан саясатчылардын катмарынан Мелис мырза кескин айырмаланып чыкты. Муну эч ким тана албайт. Саясий куугунтукта өткөргөн жылдары дүйнөдөгү тажрыйбаларды өз көзү менен көрүп, таанып, Кыргызстандагы саясий процесстерди глобалдуу деңгээлден баамдап, топтогон билимин, энергиясын, эркин өлкө келечеги үчүн жумшаганга даяр турганы ачык көрүндү. Эл уулу менен эл колдоосу бирин-бири тапкан учур жакындап, бийликтин жападан жалгыз булагы болгон Кыргызстандын эли да мындан ары өзүнө чындап күйгөн уул-кыздарынын баркына жетет, алардын ак кызматын көрөт деп үмүттөнөбүз…

Укукчу Эржан Сулайман

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: