Menu

Генпрокуратура: Алмаз Атамбаев, Аскар Шадиев жана башкалар мамлекетке 13,6 миллиард сом зыян келтиришкен

Бөлүшүү:

Башкы прокуратуранын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тергөө иштерин аяктап, Алмазбек Атамбаев менен Аскарбек Шадиевге карата кылмыш ишин сотко жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 319-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция), 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо) боюнча айыпталып жатат. Тактап айтканда: 

– Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодо мамлекетке 5 439 527 482 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирген коррупция.

– 225 000 000 сом суммасындагы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана 323 704 287 сомго кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ар кандай компаниялардын акцияларын жана башка материалдык баалуулуктарды сатып алуу жолу менен мыйзамсыз баюу;

– 7231 тонна сурьма, 265 килограмм алтын жана 4246 кг күмүш запасы бар (жалпы наркы 8,255,146,455 сом.) Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы  “Терек” сурьма кенинин Южный участкасын, 17-кварталды мыйзамсыз басып алуу.

Ошентип, А.Атамбаев, А.Шадиев жана башка адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 13 694 673 937 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Учурда тергөө органдары А.Атамбаевдин жана анын жакын чөйрөсүнүн кылмыш жолу менен, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагынан алынган башка мүлктөрүн табуу боюнча чараларды көрүп жатышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: