Menu

Ноокенде киши өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Ноокенде киши өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:45де Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы Н.С. учтуу нерседен жараат алып, анын жансыз денесин Ноокен райондук ооруканасына алып келишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, прокуратура кызматкерлери чыгышып, кароо жүргүзүлүп, кара түстөгү бычак далил буюм катарында алынган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130 беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ноокен РИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишинин изи суутпай ачылып, шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1993-ж.т. С.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 15-октябрга караган түнү Ноокен районунун тургундары 1993-ж.т. С.Ш., 1994-ж.т. Н.С. жана башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгышып, спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. С.Ш. менен Н.С. экөө ойноп күрөшүп жатышып урушуп кетишкендиктен С.Ш. ошол жердеги азык-түлүк туураган бычакты эч кимге билгизбей алып, Н.С.нын арткы тарабына бир жолу сайып жиберген.

Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. окуя болгон жерден ооруканага жетпей каза болгондугу такталган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: