Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жамшитов Өткүрбек Асилбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Негиз:
— Ө.А. Жамшитовдун арызы;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-октябрындагы № 4120-VI токтому.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ