Бүгүн, 21-октябрда Бишкек мэриясынын алдына чыккан митингичилер “Нариман Түлеев кетсин!” деп талап кылышты. Митингичилердин арасында шаардык кеңештин депутаттары да жүрүштү. Жаңжал кызыганда эки тарап чабыша кетишти.
Кечээ, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов экс-мэр Нариман Түлеевди мэрдин биринчи орун басары кылып дайындап, анын артынан шаар мэринин милдеттерин Нариман Түлеевге жүктөп, өзү отставкага кеткенин жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ