Белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ыкчам маалымат боюнча, Бишкек шаардык соту жакынкы аралыкта уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин баш коргоо чарасын өзгөртүшү мүмкүн.
“Болбосо, кылмыш дүйнөсү бийликтен убадаларын аткарууну талап кылышы мүмкүн. Анын кармалгандыгы жөнүндө да кеңири маалымат берилди”, – деди Кеңешбек Дүйшебаев.
Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев 21-октябрда “Авангард” спорт клубунда, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ