Menu

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды

Бөлүшүү:

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барып, жасалып жаткан иш- аракеттер, көйгөйлөр менен таанышып, аны чечүү жолдорун талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде учурда бар экспонаттарды санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Бул аркылуу жарандар үйүндө отуруп музейдеги бар экспозицияларды, экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, министр Нуржигит Кадырбеков 2020- жылдын 6-октябрындагы “Ала- Тоо” аянтындагы башаламандыктын кесепетинен зыянга учураган музейдин балансындагы Ак үйдө жайгашкан сүрөттөрдүн абалы менен таанышып, аны калыбына келтирүү иш аракеттерин тездетүү, жоголгон эмгектерди кайтаруу далалатын күчөтүү тапшырмаларын берди.

Эске салсак, маалымат боюнча аталган музейдин балансындагы 20 эмгек убактылуу пайдалануу үчүн Ак үйгө берилген болчу. Учурда 8 эмгек дайынсыз жоголду. Төртөө зыянга учурап, кайрадан калыбына келтирүү ишине муктаж абалда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: