Menu

Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата мемориалдык такта орнотулуп, илимий конференция өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрь күнү Кыргыз Эл акыны, прозаик, драматург, котормочу жана публицист Эрнис Турсуновдун 85 жылдыгына карата өзү жашаган үйгө мериалдык такта орнотулуп, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдөгү Эрнис Турсуновдун ролу” темасындагы илимий конференциясы жана китеп-сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, кесиптештери, уул- кыздары жана жакын туугандары катышкан.

Эл акыны Эрнис Турсунов дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларынын чебер котормочусу катары А. С. Пушкиндин, А. Н. Некрасовдун, Шекспирдин, С. Есениндин, Р. Гамзатовдун, Сервантестин, Н. Хикметтин, Брехтин, Рудаки, Камюнун чыгармаларын, мусулмандардын ыйык китебин “Куран”, христиандардын “Библия” китебин кыргызчага которуп, аны менен катар “Биздин радиотеатр” аттуу радио уктурууларды, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырганы менен эсибизде.

Кыргыз адабиятына, маданиятына сиңирген эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдар берилген. Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай-ата” эл аралык коомунун, А. Токомбаев, Ж. Бөкөнбаев, Т. Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты, грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: