Финполициянын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунан Казакстанга 25 миллион сомго жакын товарды алып чыгарууга аракет кылган Lexus GX470 үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган автоунааны текшерүүдө жалпы суммасы 25 миллион сомго жакын кымбат баалуу уюлдук телефондор табылган. Тактап айтканда, iPhone 12, iPhone 11, iPhone 10, iPhone 7, iPhone 6, iPhone SE уюлдук телефондор, ага тиешелүү калемсаптар, наушниктер, Samsung Z, Redmi 9, Poco X9 уюлдук телефондон 20 даана болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Финполиция Lexus GX470 унааларын Казакстанга 25 миллион сомго экспорттоого аракет кылып жатканда полиция кызматкерлери кармашкан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ