Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жозеф Байденди АКШ президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Бөлүшүү:

КР президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жозеф Байденди Америка кошмо штаттарынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүн Америка Кошмо Штаттары өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн кыргыз-америка мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: