Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу президенттикке талапкер Садык Шер-Ниязга шайлоо өнөктүгүндө жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Шайырбек Абдырахман мырза экөөбүз бул кишиге эмгек акы сурабай эле жардамдашалы деп чечтик. Бир маданий ишмер деле чоң жарышка аттансын деп, татыктуулар таймашсын деп, ойлойбуз.
Ал эми биздин пресс-катчылык кызмат адаттагыдан бир аз башкача болот. Биз бул кишиге фанат болуп, берилип, ашыкча көкөлөтүп мактайлы дегенден алыспыз. Тескерисинче, кандай кемчилиги болсо бетке айтып түзөтүп турабыз. Биз, Сакеме эч нерсе карыз эмеспиз, карыз да болбойбуз.
Жеке өзүм үчүн айтсам, Садык Шер-Нияз президенттик кызматка шайланып калса, андан кандайдыр бир мамлекеттик кресло сурабайм.
Андыктан, айрыкча, мугалимдер, доктурлар, журналисттер, жаштар, маданият кызматкерлери сиздерден да билимдүү адамды колдоо үчүн акысыз жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Ошону менен бирге биздин колдоочулардан Садык Шер-Нияздын атаандаштарын кемсинткен, келекелеген же кара пиар менен шыбаган иш-аракеттерден карманууңуздарды өтүнөбүз. Биздин максатыбыз кандай жол менен болсо да жеңишке жетишүү эмес. Биз эң ириде өзүбүзгө, андан соң дүйнөлүк коомчулукка президенттик кызмат эмес, идея үчүн күрөшө алаарыбызды, таш менен эмес, баш менен күч сынашуу дараметибизди далилдегибиз келет.
Биз президенттикке ат салышкан ар бир талапкерди сыйлайбыз” – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ