Menu

Садыр Жапаров: “Азыр сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоору 2010-жылы Текебаевдин конституциясына альтернатива катары чыккан. Мен болгону 2 гана сунуш киргиздим”

Бөлүшүү:

Түндө КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров 7-каналга маек куруп, коомчулуктун көкүрөгүн өйүгөн айрым суроолорго жооп берди. Биз ал маектин айрым урунттуу учурларын сиздерге сунуш кылабыз.

– Айрым саясый күчтөр, айрыкча Текебаев, Каныбек Иманалиев, Роза Отунбаева, Садык Шер сыяктуу саясатчылар ушул конституцияны сиздин долбоор катары коомчулукка көрсөтүп жатышат. Ошондой эле алар “Садыр Жапаров ханский бийликти түзгөнү жатат, бийликти бир колго топтоого аракет кылып жатат” деп кыйкырып чыгышты. Коомдун айрым бир бөлүгү аларга ынанып, кечээ митингге да чыгышты. Сиз аларга жооп бербей жатасыз, же чын эле бийликти тез арада бир колго топтоп, конституцияны өзгөртүп алганы жатасызбы?

-Мен бир жумадан бери барын көрүп жатам. Бир жумадан бери мен аларды акылдарына келээр, айтып жаткан калптарынын барын оңдоор деп сабырдуулук кылып отурам. Бирок, карап отурсам күндөн-күнгө күчөп бара жатышат, ошондуктан чыгып, аларга жооп беришке туура келди. Текебаев, Отунбаева, Иманалиев, Садык-Шер сындап жаткан Конституциянын жаңы долбоору – бул 2010-жылдан бери талкууланып келе жаткан долбоор. Бул 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен болгону 2 гана сунуш киргиздим. Бул долбоор 2010-жылдан бери 90 алакеттен өткөрүп, курултайчылар чогулуп талкуулап келе жаткан нерсе болчу. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Баяс Турал баштаган 20дан ашык адам турат автор болуп. Бул жерде академиктер, юридика илиминин докторлору, кандидаттар бар, андан башка уюмдар дагы бар. Мен киргизген сунушум: 3 баштуу башкаруу бийлигин жок кылып, президенттик менен өкмөттүк аппаратты бириктирип, бир эле башчы (президент) болсун деп жатабыз. Курултай институту кирсин, парламент калсын деп жатабыз. Ошондой эле депутаттардын санын 90го чейин азайтуу керек деп жатабыз. Биз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деп Конституцияны түзүп жатабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: