Menu

Олимп оюндарынын жылдырылышынан улам уюштуруучулар 1,9 миллиард доллар чыгымга учурады

Бөлүшүү:

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарынын бир жылга жылдырылышынан улам уюштуруучулар болжол менен 200 миллиард иен (1,9 миллиард доллар) чыгымга учурады.

Жапониянын Yomiuri гезити иш-чаранын уюштуруучуларына шилтеме кылып, бул чыгымдар персоналдын эмгек акыларын төлөө жана билеттерди кайра кайтарып берүү системасын түзүү иштерине байланыштуу экенин жазды.

Олимп оюндарын уюштуруу комитети кошумча чыгымдар тууралуу кеңири маалыматты кийинки айда, муниципалдык жана улуттук бийлик өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин жарыялоону пландап жатат.

Оюндар жылдырылганга чейин уюштуруучулар аны өткөрүүгө 13 миллиард доллар кетет деп болжолдоп жатышкан.

Жапония жайкы Олимп оюндарын өткөрүү укугуна 2013-жылы ээ болгон. Анда уюштуруучулар бул иш-чарага 7,3 миллиард доллар жумшаларын билдиришкен.

Март айында Эл аралык олимпиада комитети менен Жапония өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам оюндарды бир жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алышкан.

Олимп оюндарынын ачылышын 2021-жылдын 23-июлунда өткөрүү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: