Menu

Сеид Атамбаев: “Мен жана менин атамдын тарапташтары чынчыл жана акыйкат сот болот деп үмүттөнөбүз”

Бөлүшүү:

Мен жана менин атамдын тарапташтары чынчыл жана акыйкат сот болот деп үмүттөнөбүз. Мындай пикирин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Фейсбук баракчасына билдирди.

Кечээ, 30-ноябрда Жогорку сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды.

Иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Мен жана менин атамдын тарапташтары чынчыл жана акыйкат сот болот деп үмүттөнөбүз. Чындыгында адилеттүү чечим кабыл алынат деп ишенем. Баардык окуялардан жана баштан өткөргөндөрдөн кийин азыркы бийлик туура чечимдерди кабыл алат деп ишенем“, – деп билдирүү жазды Сеид Атамбаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү. 

Белгилей кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Атамбаев Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Өкүм Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: