Menu

Жалал-Абад шаарынын тургуну Бахтигул Базарматова изделүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп үйүн көздөй кеткен боюнча үйүнө барган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Базарматова Бахтигул Сабировнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, тизеге чейин келген боз түстөгү куртка, кара түстөгү шым, такасы кызыл болгон кара түстөгү ботинка.

“Дайынсыз болуп жаткан Базарматова Бахтигул Сабировна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тел.: (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: