Талас облусунда “Манас Ордо” комплексинде 24 саат “Манас” эпосун айтуу иш-чарасы аяктады. Бул тууралуу “Манас Ордо” улуттук комплексинин директору Ормошбек Чоюнбаев билдирди.
Анын айтымында, улуттук комплекске республиканын бардык аймактарынан 25 манасчы чогулуп, алар 24 саат бою “Манас” эпосун үзгүлтүксүз айтып беришти. “Манас” айтуу кечээ, 5-декабрда аяктаган.
Бул иш-чара өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, ошондой эле облустук мекеме-уюмдардын жардамы менен өткөрүлдү.
Ошондой эле, “Манас” эпосун кеңири жайылтуу максатында мындай иш-чараларды өлкөнүн аймактарында жыл сайын уюштуруп туруу чечими кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ