Menu

Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш чарасы болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 14-декабрда Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 12-декабырда туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы паркта эскерүү иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кыргыз элинин чыгаан уулунун элесин эскерүү үчүн Түркия Республикасынын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкарадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилер, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес структуралардын өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү келишкен.

Иш чарада Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу жана КРнын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев сөздөрүн сүйлөшкөн.

Элчи К.Өмүралиев өз сөзүндө мындан бир жыл мурда ушул жерде Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи өткөнүн, тургузулган  айкел түрк элинин Айтматовго болгон сый-урматынын бир далили экендигин белгилеп, ушундан улам, дагы бир ирет Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок мырзага, Кечиөрен муниципалитетинин жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирген.

Элчи К.Өмүралиев дүйнөдѳ китептери эӊ көп окулган жазуучулардын бири болуп саналган Чыӊгыз Айтматов тирүү кезинде эле 20-кылымдын адабиятынын классиги деп аталганын айтып, анын негизги осуяттарынын бирине “Өз мекенин сүйүү жана элине берилгендик” кѳӊүл бурган.

Түркия президентинин башкы кеңешчиси Я.Топчу өз сөзүндө жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн көйгөйлөргө, айрыкча “маңкуртчулук” түшүнүгүнүн маанисине токтолуп, Айтматовдун идеялары келечек муундар үчүн эбегейсиз мурас экендигин белгилеген. Ошондой эле ал Айтматов кыргыз элинин адабиятында гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө эң маанилүү инсан экендигин баса белгилеген.

Кечиорен муниципалитетинин мэри Т.Алтынок улуу жазуучунун эмгектерин санап жатып, анын эң жаркын цитаталарынын бирин келтирген: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу”.

Иш чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюу аземи өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: