Menu

Айсулуу Мамашева: “Эмне үчүн өрдөк эти боюнча кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилди?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда депутат Айсулуу Мамашова Финполициянын өкүлдөрүнө өрдөк эти боюнча кылмыш иши кандай аяктап, ким кармалганын сурады.

Депутат сот аткаруучу ал өрдөк этин сатууну каалаганы айтылганын белгиледи.

Каржы полициясынын башчысынын орун басары Жоомартбек Султановдун айтымында, өрдөк филеси боюнча кылмыш иши УКМКга өткөрүлүп берилген.

“УКМК тергеп жатат. Бүгүнкү күндө тергөө аягына чыга элек”, – деди ал.

“Бул деген экономикалык кылмыш да. Аны эмне үчүн УКМК карап жатат?” – деп сурады депутат.

“Аны прокуратура өзү чечет”, – деп жооп берди Жоомартбек Султанов.

Депутат Генпрокуратуранын өкүлүнө кайрылып, эмне себептен аталган кылмыш иши УКМКга берилгенин сурады.

“Ал жакта Финполициянын кызматкерлеринин тиешеси бар болгон. Ошондуктан УКМКга өткөрүп беришти” – деди генпрокурордун орун басары Абай Молдокматов.

Белгилей кетсек, Тажикстандан келген өрдөк эти боюнча «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2019-жылдын 23-майында мыйзамсыз жол менен ташылып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган.  Аталган чечимди ишке ашыруу тапшырмасы Биринчи май районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн С.Н.А. аттуу кызматкерине берилген. Бирок, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 70 тонна эттин 5 тоннасын өзүнүн пайдасы үчүн жок кылган. Ал эми калган 65 тонна өрдөк этин К.Ж. жана С.Ф. аттуу ишкерлерге 150 миң долларга саткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: