“Бишкекзеленхоз” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошева жумушунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Алардын маалыматы боюнча, ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Мэриянын басма сөз кызматы азырынча эч кандай буйрук көрө электигин белгилеп, маселе боюнча комментарий бере элек. Муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошева дагы бул тууралуу эч нерсе билдирген жок.
Элнура Жолдошева “Бишкекзеленхоздун” башчысы болуп 2018-жылдын 1-октябрында келген. Ал буга чейин ишкананын башкы агроному кызматын ээлеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ