Menu

Жети-Өгүздүн 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөндү деген маалыматты кыз четке какты

Бөлүшүү:

Жашы жете элек кыз жана анын мыйзамдуу өкүлү укук коргоочу Камил Рузиевдин эрте никеге туруу жөнүндөгү маалыматын четке кагышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин юрист Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну нике каадасы аркылуу жашы жете элек кызга үйлөнгөндүгүн жазган. Үйлөнгөн адам 31 жашта, ал эми кыз 16 жашта.

Тергөөнүн жүрүшүндө жашы жете элек кызга үйлөндү делген адам Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Ал укук коргоочунун билдирүүсүн четке какты.

«Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында ушул айылда жашаган К.С.нын үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп келген. Үйдүн ээси аны кызы, орто мектептин окуучусу 16 жаштагы Д.Ж.ны тааныштырган. Жолугушкандан кийин, ал жашы жете элек кыз менен кээде телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Бирок ага нике аркылуу үйлөнгөн эмес. 16 жаштагы кыз дагы бул билдирүүнү четке какты», – деп билдиришти милициядан.

Бирок тергөө иштери дагы деле улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: