Былтыр күздөгү парламенттик шайлоодо СДПК партиясынан депутаттыкка ат салышкан Рыскелди Момбеков өз кичи мекени Таластан аз добуш алып калгандан бери “Шоопур” деген каймана аты бар Алмаз Атамбаевдин мурунку шоопуру, азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун балээсине калды. Качан болсо “кет, башкаларга орун бошот” деп турганы турган. Алтургай ооруканада жаткан Рыскелди Момбековго келип “азыр арыз жазып бер!” деп кыйнаганда жубайы менен олтурган Рыскелди “30-июнга чейин, сессия бүткөнчө коё тургула, анан кетейин” деп араң кутулуптур.
Рыскелди Момбеков парламенттин трибунасынан “Билебиз, баарыңар добуштарды арак менен акчага сатып алгансыңар! Эч кимиңер таза добуш жыйнаган жоксуңар!” деп ачууланганда кыязы Икрамжан Илмияновго кыйыта каяша айтып жатканы го.
2016-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо Талас облусу боюнча эң көп добушту Өмүрбек Бабановдун “Республика-Атажурт” партиясы алып, 1-орунга чыккан. Ал эми Алмаз Атамбаевдин СДПК партиясы административдик ресурстардын жардамы менен араң 4-орунга илинген. Муну уккан Атамбаев Таластыктарга тишин кайрап калган дешет.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ