Menu

Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Аялдар конгрессинин президенти: “Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат”

Бөлүшүү:

 

– Алгач, 23 жылдык тарыхка ээ Аялдар конгрессинин бул жылдар аралыгында жасаган алгылыктуу иштери тууралуу айтсаңыз?

–   Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси 1993-жылы түзүлгөн.  Аялдар  конгресси аялдарга коомдук, саясий, экономикалык жактан,  социалдык жана маданий чөйрөдө да көмөк көрсөтө алган уюм болуп эсептелет. Ушул 23 жылдын ичинде 61 проект иш-жүзүнө ашырылды. Конгресстин филиалдары 7 областта, 42 райондук жана шаардык  аймактарында, 59 айыл өкмөттөрүндө бар. Аялдардын абалын жакшыртуу жаатында Аялдар конгресси абдан зор үлүш кошо алды, себеби конгресс каражат жактан көз каранды эмес, жана  Конгресстин мүчөлөрү дасыккан адистер болгондуктан Улуттук программаларды жүзөгө ашырууда чоң салым кошо алды. Конгресстин жардамы менен аялдар арасында бизнес ишкерлери пайда болду, анткени аларга бизнести ачуу үчүн финансылык сабаттуулукка, кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө, лидерлик сапатты ачууга, пикир алмашуу технологиясына окутуу жүргүзүлдү. Буга бизнес-инкубациясынын ачылышы, ушул күндө да жигердүү иш жүргүзүп жаткандыгы зор далил болуп эсептелет. Бизнес-инкубаторду түзүүдө Кыргызстан Аялдар конгресси  дүйнө жүзү боюнча алдыңкы лидер болуп саналат. Биздин уюм аркылуу бизнес – инкубаторду түзүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө жетише алышты. Ушул учурда 25 бизнес инкубатор 2300 адамга жумуш ордун табууга шарт түзүп берди.  «Экономиканы жакшыртуудагы аялдардын ролун күчөтүү», – деген Дүйнөлүк банктын программасынын негизинде өткөрүлгөн иш-чаралар дагы бир жолу Аялдар конгрессинин бизнес-инкубаторду түзүүдө  лидерлик орунда тургандыгын тастыктады. Кыргызстан Аялдар конгресси бизнес негиздеринде, компьютерде иштөөгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө 14390 адамга көмөк көрсөттү. Ошондой эле Эл аралык аялдар бизнес-инкубатор ассоциациясы түзүлдү.  2013-жылдын март айында Эл аралык «Агробизнестеги аялдар» деген семинар аялдардын гендердик укугун бекемдөөгө, айыл-кыштактагы аялдарга көмөк көрсөтүүгө арналды. Борбордук  Азиядан келген эксперттер, мамлекет кызматкерлери, донорлор, бейөкмөт мүчөлөрү, дыйкан чарбасында эмгектенгендер тажрыйба алмашышты. Мунун негизинде айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү, кредит алуу мүмкүнчүлүгү, көмөк көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү иштелип чыкты. Ошондуктан теплица ачууда 7 проект ишке ашты, 35 фермер аялдар кредит ала алышты. «Бизнес кандай болуу керек», «Кредитти кандай алуу керек» деген тренингдер ушул күндө да өзүнүн зарылдыгын, популярдуулугун жогото элек.

  • Аялдар конгрессинде үй-бүлөсүндө көйгөйү бар айымдарга карата психологиялык кеңештер берилип, юридикалык жардамдар көрсөтүлөөрүн уктум эле. Сиздерге мындай учур менен кайрылган айымдардын саны көп эле болсо керек?
  • Шопоков шаарындагы Бизнес-Инкубатордун имаратындагы «Аялдар борборунда» үй-бүлөсүндө көйгөйү бар аялдар үчүн ар дайым юридикалык, психологиялык кеңеш берилип келет, реабилитациялык көмөк көрсөтүлөт. 2011-жылдан бери 101 үй-бүлөгө ар кандай жардам берилди, 297 аял жана өспүрүмдөр юридикалык жана психологиялык жардам алышты, 27 аял реабилитациядан өттү. Бул жылдын эле 4 айында үй-бүлөлүк зордукка  туш болгон 7 аялга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Аялдар конгресси көптөгөн аялдарга, энелерге жана балдарга билим алуу жаатында да зор көмөк берип келе жатат.  “Аялдар борборунда» 2011-жылы англис, түрк жана кытай тилдерин 87 адам үйрөнө алса, 2012-жылы 57 адам болду, 2013-жылы 65 адамга жетти. Ал эми 2014-жылы 87 адам ийгиликке жетишти. Акыркы 2 жылдын аралыгында бизнести өздөштүрүү, ишкерлик негизге, бухгалтердик эсепке, ден соолук алкагында окуй алышты. 2015-жылдын апрель айында «Бизнес негиздери» деген темада эл аралык эксперттердин катышуусу менен семинар өткөрүлдү, «Үй-бүлө институту: заман учурундагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолу» деген темада тегерек стол отуруму болду. Шопоков шаарынын тургундарынын өтүнүчү жана шаардын мэринин  кайрылуусу боюнча мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды тарбиялоо максатында иш-чаралар өткөрүлдү, ошонун негизинде 80 бөбөк бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
  • “Кыргызстан айымдары” китебиңиздин 3-томдугу чыккан экен. Китеп жазуу идеясы тууралуу, бул китептин таржымалы тууралуу сөз кылсаңыз? Китепке айымдарды киргизүү үчүн алардын ишмердигин иликтеген атайын топ түзүлдүбү же теледен чыгып жүргөн белгилүү айымдарды гана алдыңыздарбы?
  • «Кыргызстан аялдары» китебинин 1-тому 2008-жылы, ал эми 2-тому 2010-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыз мамлекетин өнүктүрүү  үчүн үзүрлүү салымын кошкон аялдардын эмгектеги, жетишкендиктери чагылдырылган. Бул жылы сиз айткан энциклопедиянын 3-тому чыкты.  Бул китептеги  өзгөгө өтөлгөлүү  өмүрү бар  каармандардын ар биринин  кайгы-кубанычы, ак эмгек алга сүрөп жеткен жеңиши жана жеңилүүсүнөн токулган  кызыктуу жашоосу баяндалат. Биз бул китеп менен 1 жылдан бери  иштедик,  китепке кире турган айымдардын  ар бир райондун акимдери, министрликтерден  бизге  жөнөтүп  жатышты, жалпысынан 637ге жакын таржымал түшкөн, алардан тандалып отуруп мыкты  делген  400ү калды, алар өлкөбүзгө белгилүү болуп калган  лидер-айымдар: Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин  депутаттары: Галина Скрипкина, Никитенко, Аида Салянова, маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору  Бактыүл Норузбаева, Баткен областынан чыккан СССРдин кыздар арасынан шахмат боюнча чемпион Лим Грета, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген: Назира Мамбетова, Асылкүл Набиева, Бактыгүл Бокоева, сот тармагында эмгектенген Галина Уметалиева, алыскы аба ырайы катаал райондордо  билим берүүдө татыктуу эмгектенген Жамбы  Газыбекова, айыл чарбасына эмгеги сиңген Лайлохан Абдураимова, өмүр бою медицинада эмгек өтөгөн Сонунбала Эсентаева, он баланы тарбиялаган, коомдук иштерге активдүү катышкан Баатыр энелер. Кыргызстанга эмгеги сиңген жана эмгектенип келе жаткан ар улуттун өкүлдөрү бар. Мына  ушундай башкаларга үлгү боло турган айымдарыбыз тууралуу тарых барактарына жазып, биле жүрсөк.

 

  • Акыркы жылдары апалардын күнүн белгилеп келе жатабыз. Бул күнгө карата Аялдар конгресси кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатат?
  • Жыл сайын  Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде энелер күнүнө арналган салттуу көргөзмөсүн «Эне – ааламдын руху» деген девиздин алкагында, Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ата журт ар дайым карегимде» аттуу  ар жыл сайын көргөзмөлөрдү өткөзүүдө. Көргөзмөдө өзүнүн эмгектерин Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген атактуу  чыгармачыл адамдары менен кошо эле живопись, графика, скульптура, көл өнөрчүлүк боюнча эмгектенген жаш муундардын өкүлдөрү, көркөм ВУЗдардын студенттери  эне менен баланын ортосундагы  сүйүү сезими, муундан-муунга өткөн ыйык жана ысык мамилелер, аруулукту чагылдырган өздөрүнүн чыгармаларын көрсөтө алышат.  Албетте, көргөзмөгө патриот адамдар жана  искусствону түшүнгөн, баалап-барктай алган жарандар, катышат. Себеби нечен замандардан бери эле  жүрөктөн чыккан ырларын, романдарын сөз чеберлери, чыгармачыл таланттар сүрөттөрүн жана скульптураларын энелерге арнап келген. Энелик мээрим, энелик сүйүү – бул чексиз океан эмеспи. Мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон Моңолдоров Максаттын («Бала эмизген эне»), Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрү Илипов Замирдин (Уз», «Каныкей»), Давлетов Адилеттин («Көчмөн аялдар»), Шаршекеев Алмаз менен Бекова Жылдыздын аты  уйкаш («Ким болор экен… – «В ожидании чуда…»), Замир уулу Акылдын «Ата сөзү» деген чыгармалары энелик мээримди, сүйүү сезимдерди  жана кыргыз аялдарынын кулк-мүнөзүн чагылдырса, арт-дизайнер Казыбекова Кайыркүлдүн эмгектери философиялык чексиз суроолорго жооп издөөгө түрткү болот. Аялдар конгрессинин мүчөсү  Эрке Жумагулованын «Мураскорлор» деген кийиз куурчагы бактылуу балалыкты сүрөттөйт. Бул эмгеги сиңген чеберлер менен катар эле Т. Садыков атындагы Улуттук сурөт академиясынын студенттери Арстаналиева Мырзайымдын «Кыйын жылдар», Мамазакирова Чолпондун «Балкондо» эмгектери, Чыныбек уулу Иманбектин «Найман-эне», Каныбеков Нурадилдин «Умай–эне» скульптуралары  уламыштарга арналуу менен бирге, көргөзмөдө татыктуу ордун тапты. Бул күнү ар бир областта энени даңазалаган салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: