Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Биз каалайбызбы, каалабайбызбы – жаңы конуштар Бишкектин бөлүнгүс аймагы

Бөлүшүү:

   Бишкек шаардык кеңешине  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Аликбай  Сариевдин ою боюнча, жаңы конуштарда бардык керектүү шарттарды түзүү – борбор шаарыбыздагы балансты сактоонун гарантиясы.
«48 калктуу аймактын ичинен 25 жаңы конуш деп эсептөөгө болот. Ал аймактарда жашаган адамдардын саны дагы көп. Алар бүгүнкү күндө сапаттуу инфраструктурага жетишпей өмүр сүрүшүүдө. Өздөрүнүн керектөөлөрү үчүн шаар борборунда жайгашкан – соцобъекттерди, поликлиника ж.б.у.с. мекемелерге кайрылууга муктаж», – дейт Аликбай Сариев.

Анын көз карашында, жаңы конуштарды активдүү өнүктүрүп, шаардыктардын шартына теңдөө керек. Жаңы конуштардын өздөрүнүн ооруканасын, парк, эс алуу борборлору, балдар аянтчалары болушу зарыл. Болбосо, Бишкектин борборундагы чыңалуу мезгилдин өтүшү менен борборго терс таасирин тийгизет, деп эсептейт  “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлү.

«Андан тышкары, жаңы конуштарга шаар бюджетинин көп бөлүгү жумшалат деген – бул жомок. Жаңы конуштардын жашоочулары өз керектөөлөрүн өздөрүнүн каражатынан чечип көнгөн, алар трансформаторлорду орнотууда, канализация, суу түтүктөрүн кийирүүдө ж.б. Шаар бюджетинен болгону 8% жыл сайын бөлүнөт. А бирок, жаңы конуштун тургундары шаардын экономикалык жашоосуна түздөн-түз аралашып, соода-сатык, жеңил өнөр жай тармактарында активдүү иштеп келишет.  Башкача айтканда, алар дагы ак эмгегинен салык, ж.б. төлөмдөрдү  төлөшөт, шаардын коомдук, саясий иштерине катышат, бишкектиктер сыяктуу эле толук кандуу шаардыктар», – деп белгилейт Аликбай Сариев.

Натыйжада, БШК курамында «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шаар балансын сактоо үчүн жаңы конуштардын аймагында альтернативдүү борборлорду түзүү боюнча сунуштарды киргизип, жаңы конуштардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн аракеттерди жасайт. 

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: