Сооронбай Жээнбеков Марокко Падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанды Марокко Падышалыгынын Тактысынын күнү менен куттуктады. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.
«Марокко Падышалыгынын Тактысынын Күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет жана бекемделет деп терең ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.
Президент Сооронбай Жээнбеков Марокко Падышасы Мохаммед VI бин Аль-Хасанга бекем ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми Марокко элине — тынчтык жана өнүгүү каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ