Алардын негизги көлөмүн төрт нефть продукцияларын чыгаруучу ишкана өндүрөт. Бул тууралу Улуттук статистика комитетинин өкүлү 10-октябрьда маалымат жыйынында билдирди.
2018-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын нефть иштетүүчү заводдору суммасы 11 млрд 342,6 млн сомго жеткен продукция өндүргөн.
Улуттук статистикалык комитеттин адистеринин айтымында , республикада иштетилип чыккан нефттин көлөмү 9 айдын ичинде 28,7% көбөйгөн.
Алар ошондой эле азыркы учурда өлкөдө нефть иштетүүчү 4 чоң ишкана бар экенин, жана алардын экөө Чүй облусунда, дагы экөөсү өлкөнүн түштүк аймагында жайгашканын айтышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ