Menu

Жалал-Абадда дүйнөлүк чемпионаттан байгелүү орундарды алган спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн 13-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен күжүрмөн самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды багындырган спортчулар Нурисбек Бекбердиев жана Медербек Сапарбек уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович жана спортчулардын кесиптештери, машыктыруучулары, жакын туугандары катышышкан.

Спортчуларга жана машыктыруучуларына ак калпак, чепкен кийгизилип, кыргыздын желегин алдыда дагы дүйнөлүк биринчиликтерде желбиретүү тилектери айтылган.

КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын милиционери Нурисбек Бекбердиев 82 кг салмакта, ал эми Жалал-Абад ОИИБдин «Динамо» спорт клубунун тарбиялануучусу Медербек Сапарбек уулу 62 кг салмакта Сербия мамлекетинде өткөн күжүрмөн самбо мелдешинде 3-орунду багындырышкан.

Алар бул ийгиликке талыкпаган эмгектин, машыктыруучулардын, демөөрчүлөрдүн, жетекчиликтин жана эмгек жамааттын колдоосу менен жетишкендиктерин белгилешкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: