Бүгүн, 29-декабрда президенттикке талапкерлер Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев маалымат жыйын берүүдө. Анда алар соттор кеңешинин тартип комиссиясына арыз менен кайрылышмакчы.
Клара Сооронкулованын айтымында, Жогорку соттун Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана Талант Мамытовго карата бардык актоо өкүмдөрү 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү процессуалдык эрежелерди бузуу менен жана кысым менен мыйзамсыз чыгарылган. Ошондуктан, өлкөдөгү эң жогорку саясий кызматка талапкерлердин төртөө ушул чечимдерди чыгарган судьяларга чара көрүү талабы менен Соттор кеңешине кайрылууну чечишти.
Дагы бир талапкер Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткарууга укугу жок болчу деп эсептейт.
Мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоочу референдум 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ