Menu

“Апрель” телеканалы телеэфирге чыгуу укугуна ээ болду

Бөлүшүү:

“Апрель” телеканалы мындай кийин телеэфирге чыгуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу аталган телеканалдын сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, 2020-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Аскер прокуратурасына доо арызды канааттандырган жок.

Мындан улам, “Апрель” телеканалы расмий түрдө эфирге чыгуу укугун алды. Телеканалдын директору Дмитрий Ложников уктурууну калыбына келтирүү маселеси “Апрель-ТВнын” негиздөөчүлөрүнүн чечимине байланыштуу болорун айтты.

Учурда “Апрель-ТВнын” эки негиздөөчүсү дагы – КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев жана “Апрель” коомдук фондунун директору Фарид Ниязов камакта.

Телеканалдын берүүсү 2019-жылы 7-августта кечинде, Кой-Таш айылындагы башаламандык башталгандан бир сааттай өткөндөн кийин токтотулган. Ошондой эле, “Апрель” телеканалы менен биргеликте 10го жакын телеканал өчүрүлгөн.

Кийинчерээк “Апрель” телеканалы бир нече жолу эфирге чыгууга аракет кылып, бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам, анын ичинде Аскер прокуратурасы тарабынан ишке ашпай калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: