Menu

Шереметьеводо жүздөгөн өзбекстандык мигранттар транзиттик зонадан өтө албай калышты

Бөлүшүү:

Шереметьево аэропортунда өзбекстандык 500дөй жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынды. 3-4 күндөн бери аэропорттун транзиттик зонасында кармалган мигранттар өлкөгө жасалма медициналык маалымкат менен кирүүгө аракет жасоого айыпталышууда.

Мигранттар Өзбекстандын Орусиядагы элчилигине кайрылышты, бирок алардын маселеси чечиле элек.

Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Саиднумон Мансуров окуя көзөмөлдө экенин айтты:

«Биз кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз. Чынында эле биздин жарандар Орусияга жасалма медициналык маалымкат менен кирүүгө аракет жасашкан. Бул кылмыш! Ушул тапта бул кишилерди Өзбекстанга жеңилдетилген баада жеткирүү боюнча авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз жаңжал чыгарбай, абалды туура баалоону сурайбыз».

Өзбекстанга кайта турган жүргүнчүлөр билетти өз акчаларына сатып алат, алардын ичинен абалы оор айрым кишилерге гана билет бекер берилет.

Агенттик терминалдагы жарандарга ысык тамак уюштуруу боюнча аэропорттордун администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Коронавирус жайылып жатканына байланыштуу орус өкмөтү 2021-жылдын 15-январына чейин чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришине чектөө киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: