Menu

Аида Касымалиева, вице-спикер: “Сооронбай Шарипович, ар дайым арабызда аксакал катары кеңешиңизди айтып жүрө бериңиз”

Бөлүшүү:
Вице-спикер Аида Касымалиева экс-президент Сооронбай Жээнбековду жана анын үй-бүлөсүн жаңы жылы менен куттуктады. Ал куттуктоо сөздөрүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизди жана үй-бүлөңүздү келе жаткан жаңы жылыңыз менен куттуктайм. Баарыбыз жыл жыйынтыгын чыгарып, келе жаткан жылга үмүт менен карап турган кезибиз. Биз туура чечимдерди кабыл алган жана алдыга жылган жыл болсун.
Сиз ар дайым арабызда аксакал катары кеңешиңизди айтып, ден-соолугуңуз бекем болуп, бар болуңуз. Кыргызстанды Кудай колдосун!” – деп жазган Аида Касымалиева.
Ошондой эле, ал кирип келе жаткан жаңы жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн өнүгүүнүн, барчылыктын, тынчтыктын жылы болсун деген тилектерин жазды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: