Menu

Эрнис Кыязов, журналист: Марш-ботой

Бөлүшүү:

Айыл четиндеги тээ алыскы дөңсөөгө буудай айдап, аны чымчыктардан коруп, бышканда түшүмүн оруп алып, саясаттын ызы-чуусунан алыс, өз тирлиги менен кылдырап жүргөн бир дыйкан болсок деле, ичибизден ойлогон ак-кара оюбузда, күнүмдүк тирликте адамдарга жасаган оң-тетири мамилебизде, кандайдыр түшүнүп-түшүнбөй таштаган кадамыбызда баары бир катачылык кетиребиз, жаңылабыз, адашабыз: президент, коомдук ишмер, депутат, активист, оппозициячы болбогон күндө да… Мына ушундай пенделик ченем менен караганда, президентти да, бийлик командасында иштеген кишилерди да пенде катары аяп, алардын ордуна өзүбүздү коюп көрүп, туура түшүнүүгө аргасыз болобуз. Бирок мен “..бийликти туура түшүнүп, ар ким президентке, өкмөткө асылбай, кыйкырбай өз ишин билип, өз арабасын тартсын!”- деген досторума таптакыр кошула албайм. Кошула албаганым үчүн, кечээ “саясый укук, сөз эркиндиги” деген ураан көтөргөн марш-жүрүшкө эч кимдин айдактамасы, түрткүлөмөсү, коркутуусу жок эле, өз эрким менен катыштым, көрдүм, байкадым.

Акциянын сырткы формасынан айрымдар ала допучандардын керней-сурнай чалган “сарт-жүрүштү”, кай бирлер “кечээ эле сөз эркиндигин муунткан экс-акайыпчы,экс-бакыйыпчы, экс-убактылуу өкмөтчүлөрдү”, айрымдар “ үйүндө бекер олтура берип коом көзүнө бир көрүнүп коюуну туура тапкан жумушсуздарды”, башка бир байкагычтар “эки жээкке ойногон ак карга депутаттарды” көрүшсө, айрым шекчилдер бул марштын артында бир болсо “батыштан акча алган батышчылдар” же “бийликке кекенип калышкан текебаевдин ата мекенчилери турат..” деп божомол кылып бүтпөй эле коюшту. Жүрүшкө катышкан кайсы бир фамилиялар үчүн, алардын ичиндеги купуя максаттар үчүн, а кишилердин мурдагы-кийинки элге билинген-билинбеген таржымалдары үчүн мен жооп бере албайм, а түгүл маршты демилгелеген Эдил Байсаловдун жеке адамдык,лидерлик сапаттарын да тигиндей же мындай деп талкуулап талашкым келбейт. Мен акцияга катышкандардын тыш формасын эмес, акциянын түпкү мазмунун, анын идеясынын туура экендиги үчүн тилектештик билдирип, марш-жүрүшкө бардым жана ошондой духтагы эркин мүнөз адамдар менен катарлаш жүргөнүмө, жолдо баратып өлкөбүздүн, элибиздин, бала-чакабыздын келечеги үчүн кайсы бир темада оюбуз бир чыгып, кай бир темада карама-каршы чыккан пикирлерди айтышсак да, алар менен чогуу басканыма сыймыктандым.

Желек көтөрүп, колдоруна түркүн түс шарларды кармап, көчөмө-көчө марш-жүрүш жасагандардын катарында баласын көтөргөн аталар, кыздарын жетелеген энелер да жүрдү. Бийличил соттор үйүн конфискациялоо чечимин чыгара салган журналист Нарын Айыптын 70 тен ары таяган эжесин да көрдүм, көрмөк түгүл сүйлөшүп, акыл-эси тың, интеллекти бийик экенине тан бердим. Акцияга катышкандардын алыстан жакындан камерага тартып, маек алганы маек алып, ар кайсы телеканалдын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түйшүктөнүп жүрүштү. Падышабыздын саясатын даңктап жазып, анын табитине төп келген журналисттер менен катар, падышабызды маал маалы менен тынымсыз сындап келаткан мен сыяктуу “журналист-сөрөйлөр” да көзгө чалдыкты. Кээлери жолдон кол берип кубаттаган, кээ бирлер жактырбай мурдун чүйрүгөн бул тынчтык жүрүшүнүн катышуучуларынын маанайында кандайдыр “өлтүрөм, жутам!” деген агрессия, ак үйдүн тосмосун ашып өтчү кекенген ниет, супермаркет-дүкөндөрдү талкалап тоноп ийчү арам максат жок эле. Орто жолдон көпчүлүктүн сабында келе жаткан айрым активисттерди, депутаттарды, кай бир партиялардын жаш мүчөлөрүн милиция колун толгоп, автобуска салып кеткени болбосо, кезектеги марш-жүрүш Бишкек шаарына же шаар тургундарына кандайдыр залалын деле тийгизбеди. Митингчилерден милийсасы көп марштын бейкапар сапары Уркуя Салиеванын айкелинин жанында аяктады. Каалоочулар айтчусун айтып, дечүсүн деп, микрофон сунган журналисттерге маектерин беришкен соң демилгечи Эдил Байсалов: “Марш өз максатына жетти,-” деп катышуучуларга, милицияга,журналисттерге рахмат айтып, андан соң баары акырындап тарап кетишти. Айлана-тегерек булганбады, лимонаддын бошогон бөтөлкөлөрү же тамекинин калдыктары туш тарапка ыргытылган адепсиздик болгон жок.

Марш-жүрүштө жол катар марш тээп келатып көп нерсени эстедим. Бул “майдабарат” маршка салыштырмалуу, убагында чындык үчүн, саясий тең укуктуулук үчүн, сөздүн эркин айтылышы үчүн ой-санаасын, убактысын, нервин, а түгүл жеке каражатын аянбаган Атамбаевдин тарыхка кошкон ошонку үлүшүн, таасирин, салымын таразалап ойлодум. Мисалы андайга анча-мынча кишинин эрки, чыдамы, духу оңойлук менен жете бербестигин моюнума алдым. А бирок мобу жүрүшкө мени жетелеген максат – ал кездеги чындыкты издеген, саясий теңдикти талап кылган, сөз эркиндигин көксөгөн Атамбаевге каршылык билдирүү эмес эле. Алгач президенттик тактыга олтурганда түзүктөй эле сыяктанган, кийин бара-жүрө мурунку айткандарын биринен сала экинчисин эмнегедир унутуп, саясий теңдикти талкалап, сөз эркиндигин бүлүндүрүп, маалында “дракон болбойм!” деп өтө эле көп кайталап жиберген Атамбаев мөөнөтү бүтөөргө аз калганда, өтө тездик менен драконго айлана баштаганы мени кооптонтуп, ушул маршка чакырды. Жеке баамымда, марштын өзөгүндө – “биз укмушпуз, а тигилер келесоо” деген мактануу же актануу жок. Жүрүштүн идеясында “эй эл журт, көздү чоң ачалы! өзүбүздү өзүбүз угалы! каерде турганыбызды, кай жакка баратканыбызды ачык, түз, алдабай, калп эле мактанбай өзүбүзгө айталы!” деген сигнал жатат. “Өзүбүз” дегендин ичинде баары бар: Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Текебаев,..Байсалов, Илмиянов, Мадумаров, Байболов, Ташиев, Мискенбаев, Бекназаров, Бабанов, Карыпбеков, Сегизбаев, Конгантиев, Мотуев,..ж.б.у.с а түгүл, Алга Кыргызстан, Акжол, КСДП сыяктуулар… Баарыбыздын жолдорубуз тарыхтын кайсы бир чекитинде кесилишкен, биздин кечээгибиз,бүгүнкүбүз окшош, балким эртеңкибиз да окшош болуп калышы ыктымал… Ошон үчүн биз бир бирибизди желмогуз көрбөй, “баарыбыз таптаза, бир гана тиги кишилер дракон” деп бир тараптуу найза сунбай, же сын айткандын баарын батыштын тыңчысы, акаевчи, бакиевчи, убактылуу өкмөтчү, бир ууч эл бузарлар дебей салмактуу болуубуз кажет. Бийлиги барыбыз бийлиги жокторубузду тебелеп-тепсөөнү уланта берсек, келечегибиз тумандуу. Бизде үч президенттин заманында жыгылып кайра турган, адашып кайра оңолгон, кетмендин башын көп жолу тепсеп башы-көзүбүз далай көгөргөн тажрыйбалар жетишээрлик топтолду… Эми ошол тажрыйбаларды пайдаланып өлкөнү көтөрчү учур келди. Түркмөнстандагыдай газыбыз жок болсо да, Өзбекстандагыдай Тико машинесин чыгара албасак да, Казакстандагыдай Астанадай шаар кура албасак да, жолдорубуз кур дегенде береги Тажикстандын райондорундагы жолдорунчалык тегиз болбосо да, жогорудагы авторитардык өлкөлөрдүн биринде да жок баалуулук бизде бар экендигин иш жүзүндө далилдечү убак келди. Кыргызстанды теңине албаган кошуна өлкөлөрдүн эли, а түгүл килейген Орусиянын калкы “бизде да ушундай болсо кана” деп таң калчу Европадагыдай, Америкадагыдай, Жапониядагыдай, Түштүк Кореядагыдай, Малайзиядагыдай ачык, эркин, саясый теңчилиги бар, жоопкерчиликтүү система куруу үчүн эң ириде СӨЗ ЭРКИНДИГИ өтө маанилүү экендигин түшүнчү учур келди!..

Сөз эркиндиги – тигил же бул саясий лидердин, тигил же бул жээктеги журналисттин, кайсы бир конкреттүү доордун менчиги эмес. Пенде бийликке жете элек кезинде чыркыраган чындыкты даана көрүп, бийликкке барганда мурунку чындыктардын баарын унутуп, адашып, балким көөп кетиши толук мүмкүн. Бу деген – бүгүнкү текебаевдер, байсаловдор, саляновалар, иманалиевдер, нарын айыптар, замира сыдыковалар, адиль турдкуловдор, азаттыкчылар, сентябрчылар, занозачылар кокус бийликке барса пендечиликке алдырып, кудум азыр Атамбаев эчки чокоюн унуткандай өткөн оор күндөрдү унутушу толук мүмкүн деген сөз. Жоок, ага барышпайт го, андай такыр болбойт го!..- деген бекем ишенимге берилбей, так ошондой болуп кетишин күткөн, ошого даяр турган системаны курууга баарыбыз аракет кылуубуз керек. Бүгүн президенттик креслодо чалкалаган президент эртең ооматы качып, куугунтук жеп, учурдагы анын оппоненттери бийликке келип, Атамбаев оппозициялык жээкке сүрүлсө, КТР аны көрсөтпөй, көрсөтсө да бурмалап, бир беткей жамандап, аргасы кеткен Атамбаев жана анын тарапташтары көчөгө акция уюштуруп “сөз эркиндиги! деп марш жүрүш өткөрчү болсо, “ушу сен сөз эркиндиги деп кыйкырбайле койчу!” деп бийлик аны тыйып, колун кайрып,автобуска салып кетпеши керек. Колунда соту, прокуратурасы, УКМКсы, КТРКсы, административдик ресурсу бар бийликке карата кандай кана сын болбосун, кандай гана заман болбосун, кимдер бийликке келбесин айтыла берүүгө тийиш. Ал сынды ким айтканына эмес, эмне деп айтылганы маанилүү экенине чоң маани берген ачык коомдо жашагым келет менин! Бийликтеги кишинин далысы шалпайган кастюм же шөлбүрөгөн спортивка кийгенин, араккеч же тантык экенин сындабай, анын жасаган ишин, коомго кылган мамилесин далилдүү сындаган сөз эркиндиги бар Кыргызстандын жараны болгум келет! Мына ошон үчүн мен кечээги марш-жүрүшкө кошулдум.

Эл саясый процесстерге кызыкпайт, өз келечегине кайдыгер, эч кимге ишенбей калды деген сөздөргө мен кошулбайм. Кеп элди ойгото албаган, балким ага анчалык аракет да кылбаган, чаржайыт тараптын өзүндө болуп жүрбөсүн. Бир кезде Атамбаев чоң максаттарды, чоң бийиктиктерди айтып элди ойгото алган, ишендирип ээрчите алган. Мына ошон үчүн эл анын айтканы менен болуп Акаевди, Бакиевди кетирүүдө чечүүчү күч болуп берди. Сөздү эркин айта алган, оюн ачык билдире алган саясий ишмерлер, активисттер, журналисттер, укук коргоочулар мурдагы Атамбаевдей болуп элди ойготушу керек, ишендириши керек. Алты жыл бийликте турган а киши убадасынын канчасын аткарып, канчасын унутканын, канчасын көрмөксөнгө салып, канчасын билип турса да “билгениңерди кылып алгыла” деп драконго айланып бүтүп калганын, бийликтен кетип бараткандай түр көрсөтүп, а чынында жанталашып бийликтеги баштапкы таасирин жоготпой, көмүскө “аталык” бойдон кала берүүнү көздөп жатканын элге жеткизүү анын оппоненттеринин коом алдындагы, келечек алдындагы милдети, парзы. Көрөсүңөр, Алмаз Шаршеновичтин саясий кубаты качып, хандык оор эйфориялык уйкудан ойгонгондо “..ошондо жакшылап эле катуу-катуу айтсаңар болмок экен!..” деп өзү жасаган бар балээнин баары үчүн оппоненттерин күнөөлөгөн күндөрдү да көрүп калышыбыз толук мүмкүн…

P.S. Марш-жүрүш өтчү жерге жете барып, унаамды тээ ыраактагы жол боюна токтотуп, эшикти жаба берээрде алды тарапка депутат иним Жанар Акаев да унаасы менен токтоп калды. Учурашып жол катар сүйлөшүп келдик. Соңку учурда карманып келе жаткан түз позициясы үчүн КСДП партиясында өгөйлөнө баштаганын айтты. Бул акцияга келээрде да телефон чалуу болуп көңүлдү ирээнжиткен сөздөр айтылганын сүйлөп, “мунун эмнесинен чочулашат түшүнбөйм…” деп башын чайкап кейиди… Ээ иним, такыр кейибе!.. Сен экөөбүз журналисттик “чымыныбыздан” бөлөк эчтекебиз жок, бапыраган бай да эмеспиз. Акчаны, байлыкты басып койгондор, анча-мынча азыркы байлар байый электе, тээ илгери эле байып кеткен “мульти-миллионерлер” мыйыгынан кекээрлеп: “мен атпай, өлтүрбөй койгонум үчүн тирүү журналист болуп жүрөт” деп мендейлерди, “менин акчам менен депутат болуп жүрөт” деп сендейлерди “балашка..сынтып” жатканына такыр кейибешибиз керек. Акча, байлык жагынан атаандашкан, пулга таянган карт-муундун да сапары карып, чыныгы таланты, шыгы, жөндөмү менен атаандашкан муундун заманы келет буюрса, ошондой муун Кыргызстанды өнүктүрөт деп тилек кылып туралы, иним!..

Журналист Эрнис Кыязов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: