Menu

Дүйшөн Керимов: «Кыргыздын “Ванька-встанька” жигиттери эй…»

Бөлүшүү:

 

— Дүйшөн байке, кечээги “Майдан” гезитине калемдешиңиз Сабыр мырза (Карышкыр) өлкөдөгү саясый абал жөнүндө интервью бериптир го. Карыя журналист катары сиздин да пикириңизди уксак дейбиз?

— “Карыя” дегениң туура эле. “Мырза”, “айым” деген түшүнүктөр жаш адамдарга айтыла туурган сөз. Ал эми элүү жаштан өткөндөрдү аке, байке, ава, эже деп, кайрылуу салтыбызга ылайык болот. Сабыр дос туура айтат, алтымыш жаш куракка келген адам сыртынан корооздой болуп турса да, жан дүйнөсүндө сөзсүз чоң өзгөрүүлөргө душар болбой койбойт. Кылтыңдатпай түз айтсам, өлкөдөгү азыркы саясый абалга көз карашым өтө начар жана кооптуу. Ар күн сайын, ар намаз окуган сайын “Оо Жараткан! Эл-жериме тынччылык берип, бөөдө кырсык, алааматыңдан сактай көр!” деп, дуба кылам. Менимче аң сезимдүү, ниети таза ар бир кыргыздын жана кыргызстандыктын тилеги ушундай болуш керек. Жана да айтайын, президенттен тартып, президенттик креслону эңсегендердин баарына ыйман, сабыр тилейм.

— Байке, молдо болуп кеткенсиз го?..

— Ээ карындашым, сен да менин курагыма келгенде табигый дейбизби же ыктыярдуубу жаймажай аккан дарыядай болуп калгың бардыр. Кудайды тааныбагандыктан эбегейсиз СССР империясы да жетимиш жылга жетпей жайрабадыбы. Демек, мен кембагал кеч болсо да Кудайды таанып, ыйман жолуна түшүп келе атканыма миң мертебе шүгүр этем.

— Ооба, президентибиз да дайыма жыйында Кудайды кайра- кайра эске салып сүйлөгөнүнө көнүп калдык.

— Ал киши да алтымыштан ашты, дегеле Алмаз Атамбаевди сөзүн Кудай менен баштап, 2010-жылдагы революциядан кийинки элдик митингдерде ыйлап да сүйлөгөнү үчүн, ал кездеги он төрт жол жана эл башчымын дегендердин ичинен ылым санап, “Атамбаевдин көз жашы жана “Манас” баатырдык эпосу” ж. б. колдоо макалалардын серияларын жазганымды эстейм. Албетте, Кудайды оозануу ыймандуулуктун башаты, бирок, ыймандуулуктун өзү сөздүн толук маанисинде устат жазуучу Кубат аке Жусубалиев айткандай “Өзүңдү өзүң түлөөгө алып келген койдой байлап, моюн сунуу” экен да көрсө. Кудайды айтуу бар, Кудайдын буйругун так аткаруу бар.

— Коё туруңуз, сиздин оюңузча президенттин айтканы менен аткарган иши дал келбейби?

— Сен, казак айтмакчы карагым, мени кайда түртмөлөп жатасың… Бийлик эч качан такыба ыймандуу болбойт окшобойбу… Эсеби маселен, жөн койсо ошол эле Текебаев өзү үчүнбү, же өзү айткандай эл үчүнбү, дегеле элирип, боюнан бийик секирип жаткандай да сезилет. Атамбаевди бир кездеги үзөнгүлөш досу экенин бир айтып бир койбойт, ал эми президент болгондон кийин анын бийлигин бекемдешкенге жардам бергенин эки айтып эки койбойт, анан ага президент сын айтып койсо чукугандан чукуп, андан да өтүп кетпедиби кайраның. Албетте, сын аргументтүү, маданияттуу, мыйзамга таянуу менен айтылса эл сөзсүз колдойт. Өткөндө “Сентябрь” теле-каналынан көрсөтүп жатат. Былтырбы, айтор “Ата-Мекен” фракциясы “Манас” аэропортуна барып, көчмө жыйын өткөрүп, бечара аэропорт жетекчилерин партия лидери баш болуп, депутат Каныбек Иманалиев сабында туруп, сөмөйлөрүн кесеп кекетип, сурак жүргүзүп жатышса жаныңан түңүлөсүң, эй! А парламент деген жасатындагы мыйзам чыгаруучу милдетин унутуп, ушинтип эле баардыгына чочоңдоп чоң болуп алганынан кармашуулар тирешүүгө айланып, дал бүгүнкүдөй коогалуу кырдаалга алып келди го. Ал эми президентке келсек, Текебаев болобу же башкасыбы өзүнө айтылган, коюлган сын, сунуш пикирлерге так, ачык, аргументтүү жообун өз учурунда, өз оозу менен айтса жана ар кандай сын пикирлерге айкөл, сабырдуу, кеменгер болсо болмок, бирок, андай идеалдуу, кыялыбызга шайкеш жетекчини кайдан табабыз кыргыздар, дегиң келет. Же кайран чоң тебетей чоң атам Керим абышка айтмакчы, “Көңүлдөгүдөй адамды ылайдан эле жасап албасаңар андай адам жок” окшобойбу, атаңдынгөрү дүнүйө…

— Ал эми камакта кыйналып жаткан Садыр Жапаров жөнүндө кандай кошумча сөз айта аласыз?

— Садыр жөнүндө менсиз да жетишерлик айтылып жатат го… Билесиңби карындашым, мен качаанак саясатчыларга каршы кишимин. Бакиевдин учурундагы каңкорлуктан качпаган ошол эле Атамбаев, Текебаев өңдүү азаматтарды сыйлайм. Камалгандан африкалык Нельсон Мандела өлгөн эмес. Өзүбүздөн мисалга Топчуке менен Исмаил аке, Феликс байкени айтсак болот. Саясатка башын сайган киши баатыр болуш керек. “Баштадыңбы коркпо, корксоң баштаба” деген эмеспи Чыңгызхан. Качкын президент Акаев кызы менен биргеликте Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү багытында жакында китеп жазыптыр. Ээ кокуй, ал китепти кайсы шоркелдей кыргыз окуйт? Андан көрө Аскар аке бир тууган агасы өлгөндө “Манас” аэропортуна келип түшүп, моюнуна курун салып, элден тизелей кечирим сураса кыргыз айкөлдүк кылып жиберер беле, ошол жөнүндө мен китеп жазсам жарашаар беле, атаңдынгөрү дүнүйө… Анан эми качып-бозуп жүрүп, эрдемсий да, акылдуусуна да бергенге ким ишенет, ким колдойт. Кеп мааниси ушунда…

— Анда жакында Адахан Мадумаровдун Садыр Жапаровду колдогон кайрылуусун да туура эмес дегени турасызбы?…

— Адахан баатырдын жабырлануучу Жапаровго жардамга, коргоого келгени адамдык, атуулдук, саясатчылык милдети. Рахмат! Адахан “Эл, интеллигенция, эл баатырлары, көкүрөгүндө значогун жаркыраткан эл депутаттары, тойлордо бийликти сындаган төкмө ырчылар… кайда?” деп, жан күйөөр сөз айтты. Башкасын билбейм, эл жарыктык баягыдай эле өз турмушунун, өз жан сактоосунун аракетинде жана камында. Нени айтасың, бирине-бири акылдуусунган, кылган-эткен күнөөсүн кылдай мойнуна албаган, ыркы келишпеген кыргыздын “Ванька-встанька” жигиттери эй! Башканы кой, кечээ эле Аксыда атылган жана айлакер Акаевди айдап чыккан, Бакиевди качырган кайран эл бир кылым мурун жапон жазуучусу Рюноскэ Акутагаванын береги, “Бир революцияны бүтүп экинчисине киришебиз. Турмуштун азап-тозогун мындан дагы катуу тартарыбызды анда биз азыркыдан дагы аябай сезебиз. Революция артынан жүз революция жасалганы менен “Тандалган жүздөрдүн” турмушунан башкалардын турмушу оңолбойт” деп, жазгандарын окуп алганбы же табигый инстинкт аркылуу сезеби, айтор күтүү жана кооптуу психологиялык абалда күн кечирип жатат. А балким, ошол алдамчы, саткын, кубулма, кекчил, коркок, жалганчы “жүздөрдөн” көңүлү үч көчкөн журттай калган кайран эл кыялында качандыр бир өткөн Айкөл Манасындай калк үчүн каруу күчүн, акыл-эси менен кара башын бирге сайган бир азаматын эңсеп, күтүп, Жараткандан зарлап тилеп жаткандыр да…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: