Menu

Бишкек-Ош автожолунда унаа кырсыгы болуп үч адам мерт кетти

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Достук айыл аймагында 2017-жылдын 8-август күнү саат 01:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында май ташуучу МАN үлгүсүндөгү мамлекеттик №03KG 622 AAE унаа менен Степ-Вагон үлгүсүндөгү мамлекеттик № B 2384 BAF унаа кагылышкан. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Жол кырсыгынын натыйжасында Степ унаасындагы 3 адам жеринде каза болуп, 4 адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген, ал эми МАN унаасындагы 1 адам эч кандай жаракат алган эмес.

Окуя катталган жерде КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарынын бөлүм башчысы,  КР ӨКМнин №56 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ШИИМБнөн 5 кызматкер тартылган.

2017-жылдын 8-август күнү саат 01:47де куткаруучулар Степ унаасындагы каза болгондорду унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Күйүүчү май ташыган унаадан бензин агып, кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери жол кырсыгы катталган жерди курчоого алып турушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: