Menu

Экс-президент Алмазбек Атамбаев: “О, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажоосун, кырсыктын балаасынан сакта!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-сай” кабыл алуу үйүндө Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришүү салтанаттуу аземинде чыгып сөз сүйлөдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти келтирилет:

“Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу чет элдик коноктор!

15- октябрда, ачык жана эркин шайлоодо, көп улуттуу кыргыз эли өзүнүн жаңы Президентин шайлап алды. Мына, азыр баарыбыз күбө болдук, шайланган Президент, урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков ант берип, бийлик символдорун алып, расмий түрдө өз укуктарына толук ээ болду.

Мен бул чоң тарыхый окуя менен бүтүндөй кыргыз элимди жана албетте, жаңы Президентибизди, Сооронбай Шарипович Жээнбековду чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаңы ажобуз акжолтой болсун!

Урматтуу мекендештерим!

Кадырман кыргыз элим!

Ушуну менен менин президенттик мөөнөтүм соңуна чыкты. Кудайга шүгүр!

Алты жыл мурда мени ушул бийик кызматка шайлагансыздар. Алты жыл тарыхый ченемден алганда бир көз ирмемге барабар. Бирок, бул  өткөн алты жыл, баарыңар билесиздер, өлкөбүздү түп тамырынан өзгөрткөн алты жыл болду.

Бул өткөн алты жыл Манас атабыздын бизге, өз урпактарына, берген насаатын, улуу сөздөрүн жүзөгө ашырган жылдар болду деп айтаар элем. Бул өткөн алты жыл – үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган жылдар болду.

Чет элдик политологдор, саясатчылар Кыргызстан мамлекет боло албай калды, бөлүнүп кетет, чачылып кетет, жок болуп кетет деген Мекенибиз, Жараткандын жардамы менен, элдин эмгеги менен, азыркы күндө Американын эң эски, эң тажрыйбалуу Гэллап фондусунун изилдөөлөрүнө ылайык, эски Советтер Союзунун аймагында жайгашкан өлкөлөрдүн эң келечектүү, эң туруктуу өлкөсүнө айланды.

Бул жетишкендик үчүн Кудайга рахмат!Акылман, күжүрмөн, сабырдуу, көп улуттуу кыргыз элиме рахмат!

Урматтуу мекендештерим!

Эсимде бар, өткөн жылы Үркүндө курман болгон ата-бабаларыбызга эстелик куруп жатканда, бул эстеликке кандай сөздөрдү жазабыз деп башыбыз каткан. Ошондо Кудай жалгап, колума 100 жыл мурда, Үркүндө Кытайга качып кетип, ошол жакта азыр да жашап жаткан кытайлык кыргыздардын эски ыры түшүп калды. Анан ошол байыркы ырдан төрт сап алып, ага эки сапты өзүбүз кошуп, Ата-Бейиттеги эстеликке төмөндөгү саптарды жаздырганбыз:

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз.

Кырылып бара жатып тирилдик биз.

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз.

Мекендештерим менин!

Бул сөздөр ар бирибиздин жүрөгүбүздө ар дайым болушу керек.

Эсиңизде бардыр, 2-сентябрда Үркүндө өтүп кеткен ата-бабаларыбызга мемориал ачып, куран окудук. 3-сентябрда болсо, кыргыздын эски салты боюнча ата-бабаларыбыздын ашын өткөрдүк. Аламан байгеси менен, көк-бөрүсү менен, күрөшү менен.

Ошол 3-сентябрда ачылган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Жер жүзүндө жашаган элдин көбү көрдү, 800 миллионго жакын адам көрдү. Байыркы кыргыз элин көрдү. Бейиштей болгон кыргыз жерин көрдү.

Бүт дүнүйөгө “биз барбыз” дедик. Кандай кыргындар башынан өтсө да, кандай каргашалуу окуялар болсо да, “байыркы кыргыз эли бар” дедик!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз көчү өз жолун тапты. Бирок, унутпайлык, бул жолду кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өзүнүн канын да, жанын да аябаган, өзүнүн өмүрлөрүн берген эр жигиттерибиз ачып берди.

Аксы окуясында, 7-апрель окуясында курман болгон, жаракат алган жарандарыбыз, эр жигиттерибиз болбогондо, кыргыз көчү дагы эле жол таппай адашып жүрмөк.

Ошол жигиттерибизди эч качан унутпайлык! Дайым таазим этип жүрөлүк!

Урматтуу мекендештерим!

Миңдеген жылдар бою кыргыз эли өзүнүн эгемендүү кыргыз мамлекети жөнүндө эңсеп, тилеп келген. Миңдеген жылдар бою ата-бабаларыбыз өз эли, өз жери үчүн канын да, жанын да аябаган.

Бел бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган!

Сай бар бекен кыргыз каны акпаган!

Муну унутпайлык!

Эгемендүү кыргыз мамлекети үчүн ар бирибиз башыбызды курмандыкка чалганга даяр болушубуз керек.

Эгемендүүлүктү көзүбүздөй сакташыбыз керек. Антпесек, бизди урпактар да, Кудай да кечирбейт!

 

Урматтуу мекендештерим!

Мен сөзүмдүн башында айткандай, алты жыл тарыхый ченемден алганда көз ирмемге барабар. Бирок мен үчүн бул алты жыл чейрек кылымга барабар болду.

Албетте, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, бир топ нерсе колуман келбей калды, убакыт да жетпей калды.

Анткени алты жылдын ичинен акыркы эки-үч жыл гана туруктуу, стабилдүү болду. Бирок, айрым убадаларымды, ойлорумду жүзөгө ашыра албадым. Ал үчүн кечирим сурайм, айланайын кыргыз элим. Кечирим сурайм!

Бирок, толук ишенем, кыргыз көчү жолун улантат! Жаңы Президентибиз, урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков, чогуу баштаган иштерибизди аягына чыгарат, таза жана адилеттүү ажо болот!

Урматтуу мекендештерим!

Айланайын кыргыз элим!

Эми сөзүмдүн аягында уруксат берсеңиз, жаңы Президентибизге, Сооронбай Шарипович Жээнбековго, батамды берип кетейин. Өзүм жаздым эле, окуп берейин адашпай.

О, Жараткан!

Кыргыздын жаңы ажоосун

Кырсыктын балаасынан сакта,

Душмандын залаасынан сакта!

Дос көрүнүп, кас болгондон сакта,

Жанында жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке, досум!

Берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!

Жорткондо жолуң шыдыр болсун,

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!

Жараткан ар дайым сени колдосун,

Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!

Элибизге акжолтой ажо бол, Соке досум!

Оомийин!

Жараткан элибизге биримдик,

Жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: